Чет жактагы кыргызстандыктар кыргыз паспортун ала алышат
Документтер консулдуктар тарабынан берилет
14-июндан тарта чет жерде жүргөн кыргызстандыктар биометрикалык паспортторду ала алышат же алмаштыра алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары, жалпы жарандык паспортторду Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен алууга болот.
Ошол эле учурда департамент 2021-жылдын 20-мартынан тартып чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары биометрикалык ички паспортторду - ID-карталарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин белгилейт.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз