Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Энергетика министри: Паникага алдырууга негиз жок. Өлкөдө энергетикалык абал туруктуу

Доскул Бекмурзаевдин катышуусунда бүгүн Токтогул суу сактагычында пресс-тур өтүүдө

Бүгүн 16-июнда Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаевдин катышуусунда Токтогул жана Камбар ата ГЭСине пресс-тур өтүүдө. Министр бул иш-чара элге өлкөдөгү энергетика боюнча абалды ачык жеткирүү үчүн атайын уюштурулуп, ага көптөгөн ЖМК өкүлдөрү чакырылганын белгиледи.
"Учурда кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштеринин алкагында жер-жерлерде электр энергиясы өчүрүлүп жатат. Бул штаттык режим. Суу сатылып жатыптыр, кышында веердик өчүрүүлөр болот экен деп паникага алдырууга эч кандай негиз жок. Өлкөдө энергетикалык каатчылык болбой эле"- деди пресс-турдун жүрүшүндө министр.
Ошондой эле ал электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашы туурасында да токтолуп, атайын алгоритмдер аркылуу мекеме калк үчүн эң оптималдуу вариантты иштеп чыкканын белгиледи. Буга чейин электр энергиясын бир кВт/саатын 1 сом 9 тыйынга көтөрүү боюнча токтом, коомдук талкууга коюлуп, министрликтин расмий сайтына жарыяланган. Ага ылайык, мындай тариф үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта иштей баштайт жана калктын бардык катмарына бирдей болот. Кышкы айларда 1000 кВттан ашкан учурда тариф 2 сом 52 тыйындан саналат. Ал эми тоолуу аймактар үчүн мындай чектөө колдонулбайт.
Эскерте кетсек, учурда абоненттер 1 кВт/ саат үчүн 77 тыйындан төлөшөт.

Гүлзат Иманова

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх