Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Республикалык штаб жарандарга Бишкек жана Ош шаарларына барууну чектөөнү сунуштайт

Мындан тышкары, элден ар кандай массалык иш-чараларга катышуудан жана коомдук тамактануу жайларына баруудан алыс болуу сунушталат

Өлкө аймагына COVID-19 коронавирус инфекциясынын кирүүсүнүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб татаал эпидемиологиялык абал байкалып жаткан Кыргыз Республикасынын аймактарына жарандардын баруусун минималдаштырууну сунуштайт.

Атап айтканда, акыркы мезгилде коронавирус инфекциясы көп катталып жаткан Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй жана Ош облустарына барууну чектөө сунушталат.

Республикалык ыкчам штаб башка региондордо жашаган жарандарга эпидемиологиялык абал турукташканга чейин аталган аймактарга барууну чектөөнү сунуштоодо.

Ошондой эле жарандарды медициналык беткаптарды тагынуу, колду дезинфекциялоо, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди сактоого чакырабыз. Мындан тышкары, ар кыл массалык иш-чараларга катышуудан жана адамдар көп чогулган коомдук тамактануу жайларына баруудан кармануу сунушталат.

Кабминдин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх