Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талантбек Узакбаев УКМКнын абагынан бошотулду. Ал тергөө менен кызматташууга макул болду

Экс-депутат мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурары белгиленди

"Кумтөр" иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Талантбек Узакбаев УКМКнын тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өз булактары кабарлашты.

Белгилүү болгондой, экс-депутат баш коргоо чарасын үй камагына чыгарды. Узакбаев тергөө менен кызматташуу келишимине кол койду.

Мурунку эл өкүлү мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурары белгиленди.

Эске салсак, 2-июнда Биринчи Май райондук соту экс-депутат Талантбек Узакбаевге карата УКМКнын СИЗОсунда эки айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандап алган.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх