Бишкек шаардык сотунун жанына Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары чогулушту (видео)
Кармалган депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кайрылуу бүгүн каралат
Кармалган депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары Бишкек шаардык сотуна чогулушту. Алдын ала маалыматтар боюнча, болжол менен 70 адам чогулган.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык соту адвокаттар Зулпукаров менен Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызын карайт.
Эскерте кетсек, 31-майда Кумтөрдүн айланасындагы кылмыш ишинин алкагында экс-президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматов, ошондой эле экс-депутат Талантбек Узакбаев кармалган. Алар коррупцияга шектелип жатышат.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз