Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адвокат: Бабановдун машыгуусундагы видео бир нече жыл мурун анын үйүндө тартылган (видео)

УКМК социалдык тармактардын колдонуучуларынын божомолун четке кагып, СИЗОдо видеотасмага тартууга тыюу салынган деп эсептейт.

Мурунку күнү социалдык тармактарда кармалган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов  машыгып жаткан видео жарыяланган. Көпчүлүк колдонуучулар кадрлар УКМКнын СИЗОсунун аймагында тартылган деп божомолдошту.

Ал арада саясатчынын адвокаты Амантур Абдырахманов Vesti.kg менен болгон маегинде Бабановдун машыгуусунан тартылган видеону анын машыктыруучусу Егор Шнайдер жарыялаган деп ишендирди. Кийинчерээк белгилүү болгондой, жогорудагы видео бир нече жыл мурун Бабановдун үйүндө тартылган.

"Бул видео 2019 же 2020-жылдары тартылган" деп түшүндүрдү Абдырахманов. - Ал үйдө машыккан. Мен тергөө изолятору ушундай видеотасманы тартууга уруксат бергенине күмөнүм бар. Жана менин билишимче, ал жерде андай тренажерлор жок.

 

Өз кезегинде УКМКнын басма сөз борбору Бабановдун катышуусундагы видео СИЗОдо тартылган деген маалыматты да четке какты.

“УКМКнын СИЗО коопсуз жай болуп саналат, жана СИЗО ичинде фото жана видео материалдарды жазуу кабыл алынбайт. Бул видео жасалма », - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Бабановду УКМКнын СИЗОсуна эки айга камады. Ал "Кумтөр" ишиндеги коррупцияга шектелип жатат.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх