Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мурдагы аскер кызматкерлери жөлөк пулдарды кайтарып берүүнү талап кылып митингге чыгышты (видео)

  • жолу 0 кароо

Тажик-ооган чек арасында кызмат өтөп жаткан тынчтык күчтөрү административдик сотко доо арыз менен кайрылышат

1992-1993-жылдары тажик-афган чек арасында кызмат өтөгөн ардагерлер-тынчтык орнотуучулардын митинги болуп өттү.

30га жакын митингчилер чогулушту. Алар жөлөк пулдарды кайтарып берүүнү талап кылышууда.

"2006-жылы 6-майда Феликс Куловдун өкмөтү ардагерлерди жөлөк пулдан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алды" деп түшүндүрдү аскер укук коргоочусу Анвар Сартаев. - Буга чейин 2006-жылы 20-февралда премьер-министр Мадумаров Юстиция министри Кайыповго жөлөк пулдан ажыратуу боюнча токтомдун долбоорун даярдоону буйрук кылган. Ошол эле жылы 21-мартта Коргоо министри Исаков өзүнүн согушкерлери үчүн жеңилдиктерден ажыратуу жөнүндө келишимге кол койду. Аскер кызматкерлери Коргоо министри генерал-майор Таалайбек Өмүралиевдин жөлөкпулдарды кайтаруу же ардагер статусун алуу боюнча чараларды көрбөгөнүнө нааразы.

Ал ошондой эле ушул жылдын 16-апрелинде административдик сотко мурдагы аскер кызматкерлери 2006-жылы чыгарылган өкүмдү жараксыз деп табуу боюнча доо арыз менен кайрылышкандыгын белгиледи.

"Биз соттун биринчи отурумунда 1-июлга чейин бийлик менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү менен кайрылдык", - деди Сартаев. - Коргоо министрлиги жана министрлер кабинети менен жолугушууну 1-июлга чейин күтүп жатабыз, 1-июлдан кийин алар менен соттук отурумда гана жолугушабыз.

 

Канышай Балкыбекова

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх