Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Октябрь коогалаңы. Клара Сооронкулова суракка чакырылды

Анын айтымында, ал 5-6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш болду деп көрсөтмө берүүгө даяр

"Реформа" партиясынын лидери жана мурдагы президенттикке талапкер Клара Сооронкулова Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал социалдык тармакка жазган.

Маалым болгондой, ал өткөн жылдын октябрь окуяларына күбө катары чакырылган.

- Алар 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандыкты иликтөөнү улантышууда, - деп жазат Сооронкулова. - Бул окуяларга жана анын кесепеттерине акыркы юридикалык баа берилет деп ишенем. 6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш болду деп күбөлүк берүүгө даярмын.

Клара Сооронкулова 23-июнь күнү саат 15.00дө ИИМдин тергөө кызматына тергөөчү Токтогонов У.И.ге күбө катары суракка чакырылган. 

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх