Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык сотунун имаратынын жанына Өмүрбек Бабановдун тарапташтары чогулушту (видео)

Митингчилер экс-премьердин бошотулушун талап кылышууда

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Бишкек шаардык сотунун имаратынын жанына чогулушту.

Митингге 700гө жакын адам катышты. Алар ачык сот ишин жана Өмүрбек Бабановдун токтоосуз бошотулушун талап кылышууда. Колдоочулар дагы деле болсо чогултуп жатышат.

Белгилей кетсек, мурунку өкмөт башчынын туугандары, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле журналисттер сот залына киргизилбейт. Демонстранттар Фемиданын мындай аракеттерине нааразы болушууда.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаардык соту экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун адвокаттарынын апелляциялык арызын карайт.

Экс-премьердин баш коргоо чарасы шаардык соттон Биринчи май райондук сотунун Өмүрбек Бабановду камакка алуу боюнча чечимин жокко чыгарууну жана ал үчүн бул жерден чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө баш коргоо чарасын аныктоону өтүнөт.

 

 

 

Канышай Балкыбекова

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх