Бабановдун аялы жана балдары сот залына кирип кетишти (видео)
Депутаттарды киргизбей коюшту
Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык соту экс-премьер-министр, мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго карата баш коргоо чарасын карап жатат.
Сот аткаруучулар менен Өмүрбек Бабановдун үй-бүлөсүнүн ортосунда кагылышуу болду. Бабановдун жубайы Рита Бабанова жана алардын балдары сот залына киргизилген жок. Бирок кийинчерээк, ызы-чуу менен, алар сындырып, сот процессине өтүштү.
Сот отурумуна депутаттардын катышуусуна дагы уруксат берилген жок.
Белгилей кетсек, сот имаратынын жанында Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин митинги өтүп жатат. Алар сот жараянын ачык режимде өткөрүүнү талап кылышууда.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз