Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын башчылары күндүзгү ооруканалардын ишке киришине даярдыгын текшерип жатышат

№95 мектепте жайгашкан оорукананын имаратына дарыкана жайгаштыруу үчүн фармацевтикалык компаниялар менен келишимдин долбоору даярдалууда

Бишкек райондорунун башчылары күндүзгү ооруканалардын ишке киришүүгө даярдыгын текшерип жатышат.

Ошентип, Ленин районунун акими Мурат Осмонов Жогорку Жал №45 кичи район дарегиндеги №95 мектепте күндүзгү стационардын ишке берилишине даярдыктар менен таанышты. 

Учурда оорукана 10 кислороддук концентратор жана 10 импульстук оксиметр менен жабдылган.

Дарыкана ишканасын оорукананын имаратына жайгаштыруу үчүн фармацевтикалык компаниялар менен келишимдин долбоору даярдалууда. Жакында кабель тартуу жана электр тармагына туташуу түйүндөрүн уюштуруу иштери аяктайт. Бардык кирүүчү жолдор, бейтаптар жана медициналык персонал үчүн кире бериш жана чыгуу талап кылынган стандарттарга ылайык келет.

Ошондой эле, район башчысы «Жал Ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы Аскар Турусбеков менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар эпидемиологиялык абал начарлап, күндүзгү стационарлар ишке кирсе, кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Эске салсак, бул ассоциация COVID 19 экинчи толкуну учурунда муниципалитетке олуттуу колдоо көрсөткөн.

Бишкек шаардык мэриясы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх