Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК кызматкерлеринин мас абалында курал колдонуу менен мушташканы тууралуу маалыматка комментарий берди

Көрсө, чекисттер Таласта жергиликтүү тургундар менен чырдашып, бирок травматикалык тапанчаларды колдонушкан эмес. Ички иликтөө иштери башталды

Таласта мас абалдагы УКМК кызматкерлери эс алуучуларды сабап, травматикалык тапанчаларды колдонушкан. Мындай маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында пайда болду. Буга байланыштуу Vesti.kg сайты УКМКдан түшүндүрмө сурады, алар кызматкерлер менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы чыр чындыгында болгонун, бирок травматикалык куралды колдонбостон болгонун тастыкташты.

УКМК билдиргендей, 20-июнда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыккан. Бирок травматикалык курал колдонулган эмес.

Белгиленгендей, УКМКнын кызматкерлери жергиликтүү тургунду коркутуп-үркүтүп көрсөтмөсүн өзгөртүүгө мажбурлашты деген маалымат дагы чындыкка дал келбейт, анткени оозеки атышуудан кийин окуя тараптардын элдешүүсүнөн улам жөнгө салынган.

Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыгы, анын жыйынтыгы боюнча Талас облусунун УКМК кызматкерлерине карата тиешелүү чаралар көрүлөрү көрсөтүлгөн.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх