Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Аспековдун иши боюнча күбөлөр сотко мажбурлап жеткирилет

Бүгүнкү сот жараяны күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылды

Активист Мелис Аспековго каршы козголгон иш боюнча күбөлөр Биринчи май райондук сотундагы бүгүнкү отурумга келишкен жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн Биринчи май соту Аспековдун иши боюнча сот отурумун өткөрдү. Бирок күбөлөрдүн келбей калгандыгына байланыштуу сот отуруму 29-июнга жылдырылды.

Сот күбөлөр У.М.Джураев менен И.Н.Газиевди мажбурлап алып келүү боюнча прокурордун өтүнүчүн канааттандырганы белгиленди.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg сайтына активист Мелис Аспеков жана ишкер Улан Джураев "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деп шектелип жатканы маалымдалган. Буга чейин Аспеков УКМКнын СИЗОсуна камакка алынып, кийин Бишкектеги СИЗО-1ге которулган.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх