Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Жээнбеков менен Зулпукаровго боштондук!" Депутаттардын тарапташтары Бишкек шаардык сотунун жанына чогулушту

Митингчилер саясатчыларды бошотуусун суранышып, алардын урматына ыр окуп беришти

Жогорку Кеңештин камактагы депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековдун тарапташтары Бишкек шаардык сотунун жанына чогулушту.

Нааразычылык акциясына 50гө жакын адам катышууда. Алар парламентарийлердин бошотулушун суранышат.

-Саясий куугунтук жок! - демонстранттар кыйкырып жатышат.

Жада калса депутат Төрөбай Зулпукаровдун урматына ыр окуп беришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карайт. Аларга каршы кылмыш иштери Кумтөрдө ачылган.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх