Депутат Төрөбай Зулпукаров камакта калды
Экинчи инстанция Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөрткөн жок
Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык соту камактагы Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызын карады.
Эл өкүлүнүн жактоочусу Жыргалбек Бабаев соттон камакка алуу менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандоону өтүндү.
Сот депутатты УКМКнын СИЗОсунда камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтыруу боюнча прокурордун өтүнүчүн канааттандырды.
Эскерте кетсек, Төрөбай Зулпукаров эки айга УКМКнын СИЗОсуна камалган. Ал Кумтөргө байланыштуу чуулгандуу кылмыш ишинин айыпталуучусу.
Бүгүн Бишкек шаардык сотунун жанында митинг өтүп жатат. Эки жүзгө жакын тарапташтары аны жана Асылбек Жээнбековду камактан бошотууну суранып жатышат.
сүрөт www