Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Кайрат Осмоналиевди КРнын Азербайжандагы элчиси кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду

БШК мүчөсү эки тараптуу мамилелерди кайсы багытта өнүктүрүүнү билерин белгиледи

Бүгүн президент Садыр Жапаров БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиевди Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси кызмат ордуна дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Vesti.kg сайтына берген маегинде Осмоналиев Азербайжанда 2-3 жылдан бери элчи жок болгонун айтты.

"Бакуга акыркы сапарын 2012-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев жасаган", - деди ал. - Андан кийин бир тууган элдердин ортосунда инвестициялык фонд түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз болду. Бардык көңүл экономикалык дипломатияга бурулган. Бирок, тилекке каршы, бул багыт андан ары өнүгүүгө жетише элек. 2-3 жыл бою Азербайжанда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлү болгон эмес. Элчи жок болгондо, дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүү өтө кыйын.

БШК мүчөсү Азербайжанга элчини дайындоо эки тараптуу мамилелердин потенциалын ачууга жардам берерин баса белгиледи.

"Азербайжан менен Кыргызстандын кызматташтыгы чоң потенциалга ээ" деп баса белгиледи Кайрат Медербекович. - Мен мамилелерди саясий, экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө өнүктүрүү керек деп түшүнөм. Мен элчи катары ушул үч багыттын жемишин бериши үчүн колумдан келгендин бардыгын жасайм.

Осмоналиев ошондой эле эртең Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катары расмий түрдө кызматтан кетээрин бөлүштү.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх