Тажикстан Республикасынын ТИМи: Садыр Жапаров Тажикстанга иш сапары менен барат
Кыргызстандын президенти коңшу республикада кандай маселелерди талкуулай турганы азырынча тактала элек
Президент Садыр Жапаров 28-29-июнь күндөрү расмий иш сапары менен Тажикстанга жөнөп кетет. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды.
Сапар учурунда кандай маселелер талкууланары айтылган жок.
Ошол эле учурда, КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына бул маселе боюнча кийинчерээк маалымат беришерин билдиришти.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда майдын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында жолугушууга макулдашышкан. Бирок, Жапаров эч качан Тажикстанга расмий сапар менен барган эмес.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www