Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Тажикстанга сапарынын алдында Түркмөнстанга барат

Душанбеде президент Эмомали Рахмон менен кыргыз-тажик чек арасын талкуулайт

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 27-28-июнь күндөрү расмий иш сапары менен Түркмөнстанда болот.

Иш сапардын алкагында Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Андан кийин 28-29-июнда Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстанга барат.

Иш сапардын жүрүшүндө Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн болушу күтүлүүдө.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы маселелерди талкуулашат.

Президенттин басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх