"Өзүңдүн формаңа ишенип жатасыңбы?!" Бишкекте МАИ менен айдоочунун ортосундагы жаңжал мушташка айланып кете жаздады (видео)
Инспектор менен жаранды милиция кызматкерлери ажыратышкан
Бишкекте ПМКнын кызматкери менен унаа айдоочусунун ортосунда жаңжал чыкты. Окуянын видеотасмасы социалдык тармактарга тараган.
- Көп сүйлөбөй, документтериңди көрсөтпөйсүңбү?! - инспектор айдоочуга кайрылып, кийиминен кармады.
Бул учурда аларды ПМКнындин дагы эки кызматкери кайрылып, аларды бөлө башташты.
- Эмне кыла аласын? - деп жооп берди айдоочу инспекторго. - Бул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу. Ички иштер министрлигин чакыралы. Эмнеге ишенип жатасың? Формаңабы?
Vesti.kg сайтынын редакциясы Бишкек шаардык ПМКга түшүндүрмө сурап кайрылып, анда окуя тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылышкан.
фото www