Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин башчысы: Жакында биз сабиздин арзандашына күбө болобуз

Быйыл сабиз өндүрүүнүн көлөмү кеминде 150 миң тонна болот деп күтүлүүдө

Жакында сабиздин баасынын төмөндөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министри Аскарбек Жаныбеков Vesti.kg сайтына түз эфирде билдирди.

Айыл чарба министрлигинин башчысынын айтымында, сабиздин кымбатташы бир эле Кыргызстанда эмес, коңшу мамлекеттерде дагы байкалууда.

- Сабиз үчүн азыр мезгилсиз, башкача айтканда эски запастар түгөнүп баратат, ал эми жаңылары базарга чыга элек, - деп түшүндүрдү Жаныбеков. - Ошол учурда сабиз көп өндүрүлгөн Казакстанда дагы, Өзбекстанда дагы дүң баалар кескин көтөрүлүп, килограммы бир долларды түздү.

Ошол эле учурда министр сабизге баанын төмөндөшү жакынкы аралыкта күтүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

- Сабиздин олуттуу көлөмү Россияга кетет, ошондуктан биздин рынокто алар суроо-талапты сунуш менен камсыз кыла албайт, - деп белгиледи ал. - Ошого жараша баалардын өсүшү байкалууда. Бирок, жакында жаңы түшүм келе жатат жана биз бул өнүмдүн наркынын кыйла төмөндөшүнө күбө болобуз. Сабизди өндүрүү көлөмү 2019 жана 2020-жылдары 150 миң тоннаны түзгөндүгүн белгилегим келет. Быйыл анын көлөмү кеминде 150 миң тонна болушу күтүлүүдө.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх