Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Соттордун жаңы кодекстер боюнча көбүрөөк тандоо эркиндигине эгедер болушу коррупцияны көбөйтпөйбү?

Бишкекте жаңы кодекстерде ишкерлердин укуктары кандай корголору туурасында тегерек стөл өтттү

Жаңы кодекстер боюнча соттор жаза жаза дайындоодо көбүрөөк тандоо эркиндигине ээ болушса, бул коррупциялык учурларды көбөйтпөйбү? Мындай суроо бүгүн, 24-июнда Башкы прокуратура тарабынан сунушталып жаткан жаңы Жазык-процесстик кодекстерде ишкерлердин укуктарын коргоо темасына арналган тегерек стөлдүн жүрүшүндө жергиликтүү ЖМКлар тарабынан берилди. Буга Башкы прокуратуранын кылмыш жана жарандык сот өндүрүш башкармалыгынын прокурору Азизбек Шүкүралиев жооп берип, азыркы Кылмыш кодекси боюнча так беренелер боюнча мөөнөтүнө чейин так жазалар же суммасына чейин айып пулдар көрсөтүлгөнүн, соттор ошолорго гана карап жаза бекитерин, мындай шартта дегеле соттордун деле кереги жоктугун, анын ишин прокурор деле аткарып коёрун белгиледи. “Ар бир иштин өзүнчө жагдайлары болот, соттор айыпталуучуга, ал жасаган кылмышка карап жаза беките алгыдай аларга тандоо эркиндигин бериш керек. Ошон үчүн алар соттор да, антпесе, соттордун деле кереги жок болуп жатпайбы. Же прокурор же тергөөчү деле жазаны дайындап коёт да. Биз ошол үчүн соттордун ролун жана укуктарын кеңейттик”, - деди Шүкүрбеков.
Ал ортодо Vesti.kg ушул эле суроо менен юрист Аслан Кулбаевге кайрылды. Кулбаев соттор жаза дайындоодо бардык жагдайларды эске алып, мыйзамдуулукту жана башкысы - акыйкаттуулукту сакташы керектигин белгиледи.
“Ооба, чындыгында эле мындай маселе бар. Ар бир иштин аркасында адамдын тагдыры жатат. Соттор бардык жагдайларды, өлкөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен мыйзамдуу, бирок, эң башкысы – акыйкаттуу жазаларды дайындоого тийиш.Бирок, бул маселе абдан терең изилдөөлөргө муктаж. Мынчалык кыска убакытта буга окшогон орчундуу өзгөртүүлөрдү кабыл алуу туура эмес”, - деди ал.

Гүлзат Иманова

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх