Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Аконит менен гана дарыланып жатам" Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 оорусун жуктурган

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы эмдөөлөргө карабастан, анын денесинен антителолор табылбагандыгын белгиледи

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 оорусуна чалдыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы аконит менен гана дарыланып жатканын белгиледи.

"Мен эки күндөн бери ооруп жатам" деди ал. - Мен онлайн иштейм. Алгачкы эки күндө өзүмдү жаман сездим. Мен аконит менен гана дарыланып жатам. Бүгүн мен өзүмдү жакшы сезип жатам. Бир аз алсыздык бар. Ишемби-жекшемби күндөрү мен ПЦР тестин тапшырам. Аконит менен дарылангандардын бардыгы үчүнчү күнү терс натыйжага ээ болушкан.

Бейшеналиев ошондой эле, эмдөөлөргө карабастан, анализ учурунда анын денесинен антителолор табылбагандыгын баса белгиледи.

"Тесттин жыйынтыгы боюнча денемде антителолор табылган жок" деди ал. - Вакцина 90-95 пайыз натыйжалуу болот деп жатышат. Калган 10 пайызга илиндим окшойт.

Эске салсак, 29-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри биринчилерден болуп коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх