Кара-Кулжада унаа дарыяга кулап кетти. Үч жүргүнчү, анын ичинде бир бала дайынсыз болууда
Бир жаран жана 13 жаштагы өспүрүм куткарылды
Кара-Кулжа районунда, Кондук айылында, көпүрөнүн үстүндө, Хундай Портердин айдоочусу рулду башкара албай, Тар дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Унаанын ичинде 5 адам болгондугу белгилүү болду.
Жергиликтүү тургундар куткаруучулар келгенге чейин 40 жаштагы эркек кишини жана 13 жаштагы өспүрүмдү сактап калышкан.
Үч адам - 28 жана 36 жаштагы эки эркек киши, ошондой эле 4 жаштагы бала жоголуп кетти.
Учурда издөө иштери улантылып жатканы маалымдалды.
иллюстративдүү сүрөт
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз