УКМКнын АКСи жоюлду
Садыр Жапаров УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоюу боюнча жарлыкка кол койду. Кабинет зарыл уюштуруу чараларын көрүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматын жоюу жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Буга чейин бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда мамлекет башчысы АКС УКМК жакынкы күндөрү жоюларын билдирген.
Жапаров экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, сот жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү жакшыртыларын бир нече жолу айткан. Биринчи кезекте, мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү азайып, ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн бардык аракеттер көрүлөт.
АКС УКМКнын жоюлушу бул багыттагы чечкиндүү кадамдардын бири экендиги белгиленди.
Бул жарлыкты аткаруу максатында, министрлер кабинетине жана УКМКга зарыл уюштуруу чараларын көрүү тапшырылды.
Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www