Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту

Биргелешкен сүрөткө түшкөндөн кийин эки өлкөнүн лидерлери  тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн залга барышты

Ашхабад шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болду.

Президент Садыр Жапаровду коштогон кортеж Ашхабад шаарынын Эгемендүүлүк аянтына келип, аны Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды.

Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эки өлкөнүн лидерлери Ардактуу кароол ротасын бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Аскер оркестринин маршы менен Ардактуу кароол ротасы мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу өтүштү.

Андан соң Президент Садыр Жапаров автоунаа менен атчандар эскортунун коштоосунда "Огузхан" Сарайына багыт алды.

Бул жерде мамлекет башчылары сүрөткө түшкөндөн кийин, тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти.

2021-жыл 28-июнь Ашхабад

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх