Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө өспүрүм бала чөгүп кетти. Түн ичинде туугандары өздөрү издөө иштерин жүргүзүп, сөөктү табышкан

Буга чейин куткаруучулар издөө иштерин убактылуу токтотушкан

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Жеңиш айылына 15 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, бала 26-июнда сууга чөгүп кеткен. Эртеси күнү издөө иштерине ӨКМден 19 куткаруучу, Ички иштер министрлигинин 10 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган. Издөө иштери саат 20: 30да токтотулган.

Маалым болгондой, түн ичинде туугандары издөө иштерин жүргүзүү үчүн өз алдынча чыгышып, сөөктү табышкан. Алар сууга чөгүп кеткен адамдын сөөгүн алып чыгуу үчүн суучулдарга кайрылышкан. Куткаруучулар саат 02: 10до денени алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

ӨКМ басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх