Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурдин Урмамбетов: КТРКнын менеджментин өзгөртүү ниетим ал жакты бийлеп жүргөндөргө жаккан жок

КТРКнын мурдагы орун басары Next.tv телеканалына маек берип, кызматынан алынышына эмне себеп болгонун айтып берди

Өткөн жумада Улан Сатиев Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун орун басарынын милдетин аткара баштаганы маалымдалды. Маалыматка ылайык, ушул аптада КТРКнын байкоочу кеңешинин отурумунда Сатиевди кызматына бекитүү маселеси каралары да айтылды. Белгилей кетсек, Улан Сатиев буга чейин президенттик администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти кызматын аркалап келген. Андан сырткары, ал Кыргызстандын президенттери болгон Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун жеке оператору болгону да белгилүү.

Ал ортодо КТРКнын башкы директорунун мурдагы орун басары Нурдин Урмамбетов Next TV телеканалына маек берип, бир ай мурда гана дайындалган бул орундан эмне себептен алынганы туурасында айтып берди. Анын айтуусунда өлкөнүн башкы телеканалынын аны “кызматтык этиканы бузуу” аныктамасы менен жумуштан алган. Тагыраагы, мекеменин жетекчилиги Урмамбетовду башкы директор Бахтияр Алиев менен иш маселеси боюнча айтышып, араздашууга барды деп айыптаган. Урмамбетов иштин төркүнү чынында бул деле эмес экенин жана экөөнүн ортосунда анчалык чоң деле уруш болбогонун белгилеген. «Анын үстүнө сөз менен өзүңдүн позицияңды жактоо Жарандык да Кылмыш кодексинде да эч качан мыйзам бузуу болуп саналган эмес», - деген Нурдин Урмамбетов. КТРКнын башкы директорунун мурдагы орун басары коомдук телеканалда көйгөйлөр көп экенин, эң башкысы анда белгилүү бир приоритеттүү багыттын жоктугун белгилеп, мындан улам анда чыккан долбоорлор чийки, жетиштүү анализ- талдоодон өтпөгөн бойдон чыгып жатканын айткан. Муну менен бирге ал “КТРКга андай чоң деле реформанын кереги жок, болгону менеджментти бир жолго салуу зарыл” деген. Урманбетов дал ушул менеджментти оңдоп, илгертеден өзгөрбөй келаткан системаны ирээтке келтирүүнү каалап, анын бул ниети ал жакта ондогон жылдар бою "жашап" иштеп, бирок, эч кандай бир алгылыктуу өзгөртүүлөрдү жасай албаган көптөгөн эски кызматкерлерге жакпай калганын белгилеген.
Урмамбетовдун айтымында КТРКда азыр башкы тизгин программалардын директору Байма Сутенова, продюсер Мырзакул Мамбеталиевде. Эми аларга башкы директордун жакын достору болгон продюсерлер Бахтияр Тукеев менен Шайыр да кошулуп алышканын айткан. Дал ушул инсандардын мамлекеттик каналдын башкаруусун өзгөртүүнү каалашпай, Нурдин Урмамбетовдун иштен алынуусуна демилгечи болушканы маекте айтылган.
Белгилей кетсек, КТРКнын орун басарлыгынан алынган Нурдин Урмамбетов Next.tv телеканалына берген маекте жогоруда атын атаган инсандар андан сөздөрүн артка кайтаруусун талап кылып сотко кайрылышса, деген тилегин да билдирген. "Мындай учурда конфликтти толук ачууга мүмкүнчүлүк болот эле", деген ал.

Гүлзат Иманова

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх