Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Арча-Бешик конушунда канализациянын курулушу башталды

Курулуш иштерине шаардык бюджеттен 12 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Бишкек мэриясы калк жашаган аймактарда инфраструктураны өнүктүрүүнү улантууда.

Узундугу 4,8 чакырымды түзгөн Арча-Бешик конушунда канализация тармагынын курулушу башталды. Канализация 470ке жакын үйдү камтыйт, анда эки миңге жакын жаран жашайт.

Чортеков, Жайыл-Баатыр жана Арча-Бешик көчөлөрүндө жумуш жүрүп жатат.

Канализация тутумун төшөөдө диаметри 150 жана 300 мм асбест-цементтүү гравитациялык түтүктөр колдонулат.

Сынактын жыйынтыгы боюнча подрядчик аныкталды - Dream Stroy курулуш компаниясы. Жумушту 2022-жылдын 1-сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда.

Келишим боюнча курулуш иштеринин баасы 12 млн 827 миң 541 сомду түзүп, каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх