Военно-Антонов балдар үйүндө баланын өлүмү. Милиция бул ишти кайрадан квалификациялаган
Соттук-медициналык экспертиза адамдын ден-соолугуна оор зыян келтирүү жөнүндө сөз болуп жаткандыгын көрсөттү, бул байкабастан адамдын өлүмүнө алып келген
Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмү фактысы боюнча, буга чейин маалымдалгандай, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык жана башка экспертизалар дайындалган. Ткандардын үлгүлөрү алынып, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы РЦСМЭга гистологиялык изилдөө үчүн жөнөтүлдү.
Иштин материалдары андан ары иликтөө үчүн Чүй ОИИББинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Бир күн мурун балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин иши боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу келип түшкөн.
Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматы соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138, 3-бөлүгүнүн 1-пункту (Ден-соолукка оор залал келтирүү, адам өлүмүнө алып келген)менен иш кайрадан квалификацияланган.
Учурда кылмыш ишине жашы жете элек күбөлөрдүн соттук-биологиялык жана соттук-психологиялык жана психиатриялык экспертизалары дайындалып, башка кошумча тергөө иш-чаралары пландаштырылууда.
Сотко чейинки тергөө иштери уланууда.
Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы
Сүрөт www