Садыр Жапаров ЖРТдан эң жогорку балл топтогон бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификаттарды" тапшырат
Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулган
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептердин жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө "Алтын сертификаттарды" тапшырат.
Коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу учурдагы кырдаалды эске алуу менен иш-чара зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулду, бардык катышуучулар алдын ала ПТР анализдерин тапшырышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдары, социалдык тармактардагы баракчалары тарабынан түз эфирде көрсөтүлөт.
Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www