Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кабарлар маалымат агенттигинин башчысы Үмүт Мукамбетова акталды

Ал видеотасмаларды алып салуу үчүн акча талап кылган деп айыпталган

Бүгүн, 1-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы "Кабарлар" маалымат агенттигинин башчысы Үмүт Мухамбетованы актады.

Судья Марлен Тентимишов Мукамбетовага кылмыш курамынын жоктугу үчүн таптакыр күнөөсүз деп таап, өкүм чыгарды.

Эскерте кетсек, февраль айында “Кабарлар” маалымат агенттигинин директору акча талап кылган деген шек менен УКМК тарабынан кармалган.

Маалымат агенттигинин сайтындагы видеону алып салуу үчүн ал акча талап кылгандыгы кабарланган.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх