Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Максат Мамытканов Кыргызстандан ЕЭК министри болду

Ал Темирбек Асанбеков экөө Олег Панкратов менен Эмил Кайкиевдин ордуна келишти

30-июндан тарта экс-вице-премьер-министр Максат Мамытканов ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп, ал эми Темирбек Асанбеков - энергетика министри болуп дайындалды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин дайындоолору экени маалымдалды.

Максат Мамыткановдун компетенциясына Евразия экономикалык бирлигиндеги бажы кызматташтыгынын маселелери кирет.

Анын аталган кызматка Олег Панкратовду алмаштырганы көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 2020-жылдан 2021-жылга чейин Мамытканов Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп иштеген.

Ошондой эле, экс-президенттикке талапкер Темирбек Асанбеков Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык комиссиясынын министри болуп дайындалды. Анын компетенциясына Евразия экономикалык бирлигиндеги транспорт, инфраструктура жана энергетика маселелери кирет.

Асанбеков бул кызматка Эмил Кайкиевдин ордуна келди.

Темирбек Асанбековдун ишкердик иш-аракет чөйрөсүндө менеджмент ишинде тажрыйбасы бар.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх