"Кыргыз Темир Жолунун" мурдагы башчысы Василий Дашков СИЗОдон жеке клиникага которулду
УКМК анын ден-соолугуна байланыштуу ооруканага түшкөнүн белгиледи
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурунку башкы директору Василий Дашкова УКМКнын тергөө абагынан "Бикард" жеке клиникасына которулду. Бул маалымат Vesti.kg сайтына УКМКнын басма сөз борборунан тастыкталды.
Белгилүү болгондой, ал ден-соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылды.
Эске салсак, Василий Дашкова 18-майда кармалып, 8-августка чейин УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ал коррупцияга шектелип жатат.
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз