Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жеңиш Молдокматов 2021-жылдын сентябрь айына чейин темир тор артында калды

Активист Октябрь окуялары учурунда имараттарды  басып алган деп шектелүүдө

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту камакка алынган оппозициялык саясатчы, жарандык активист Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасын узартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар Молдокматов 2021-жылдын 6-сентябрына чейин камакта болоорун такташты.

Эске салсак, Туран партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 2020-жылдын октябрь окуялары учурунда имараттарды жана курулмаларды басып алган деген шек менен кармалган. Саясатчы 8-май 6-июлга чейин камакта калтырылды.

Мурдараак президенттикке талапкер Клара Сооронкулова Vesti.kg сайтына берген маегинде эгер Молдокматовго 2020-жылдын октябрь айында массалык баш аламандык уюштурган деген күнөө коюлса, анда президент Садыр Жапаров колонияга кайтарылып берилиши керек, ал эми Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы кызматына кайтарылышы керек деп билдирген. .

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх