Мамлекеттик монополияга каршы агенттик күнкарама майы менен кумшекердин баасын жогору коюу фактысы боюнча соодагерлерге 35 көрсөтмө берди
Мамлекеттик агенттик көрсөтүлгөн товарлардын бааларына жума сайын мониторинг жүргүзүп турат
Өкмөттүн 2021-жылдын 4-майындагы "Социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, күн карама майына жана кумшекерге дүңүнөн сатуу бааларына чекене үстөк кошумчалары орнотулду. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жума сайын күн карама майынын жана кум шекердин дүң жана чекене бааларына мониторинг жүргүзүп турат.
Алынган маалыматтардын негизинде күн карама майына жана кум шекерине бааларга талдоо жүргүзүлүп, натыйжада бул товарларга чекене баанын жогорулашы байкалган жок.
29-июнга карата 111 саякат жүргүзүлүп, 598 объект боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү, соода ишинин субъектилерине белгиленген соода баасын бузгандыгы үчүн 35 көрсөтмө берилди.
Монополияга каршы органдын басма сөз кызматы
Сүрөт www