Атыр Абдрахматова: Ар бир саясий партия Жогорку Кенештин талапкерлигине кеминде 2 мигранттан көрсөтүүгө тийиш
БШКнын мурдагы мүчөсү шайлоо мыйзамдары боюнча өзүнүн сунуштарын жарыялады
Юрист, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоо мыйзамдары боюнча атайын сунуштарды Жогорку Кенеш менен президентке жолдогонун билдирди. Ал ошондой эле бул сунуштарын Ютуб каналына да жарыялап, анда 11-апрелде
жаӊы Конституция кабыл алынып, 5-майда күчүнө киргенин, андан кийин президенттин алдында жумушчу топ түзүлүп, ЖКнын депутаттарын жана президентти шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр даярдалып, аларда элге керектүү жаӊылануу, өзгөрүү, өсүү жолуна алып бара турган беренелер аз экенин белгилеген. Абдрахматова Жогорку Кеӊеш эмки жума 7-июлдан баштап бул мыйзамдарды кароосун баштай турганы маалым экенин, ошондуктан, ал 20 жылга жакын шайлоодо, коомдук-саясий иштерде, юрист катары да болгон тажрыйбасына таянып президенттин, ЖКнын депутаттарынын атына шайлоо мыйзамдарына өзүнун сунуштарын жонотконун белгилеген.
БШКнын мурдагы мучосу озунун сунуштарын торт блокко болгон:
1. Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар жыш жашаган жерлерде шайлоо тилкелерин ачуу
-Ар бир саясий партия ЖКнын депутаттыгына талапкер катары кеминде 2 мигрантты көрсөтүүсү зарыл. Алардын бири алгачкы 25тин катарында болууга тийиш.
-Чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардын бардыгы (ал жердеги консулдук каттоого турганбы-жокпу баары бир) шайлоочулардын тизмесине кириши керек.
2. Саясий элитанын жанылануусу жана теңдик принцибинин бекемделиши
-Кыргыз Республикасынын жараны 2 гана жолу ЖКнын депутаты болуп шайлана алат.
-Оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган адам соттолгондугу алынгандыгына карабастан ЖКнын депутаты боло албайт.
3. Жарандардын маалымат алууга укуктуулугу жана шайлоочулардын тен укуктуулугу
-Үгүт иштери талапкер, саясий партиялардын тизмеси көрсөтүлгөн убакыттан башталышы керек.
-Жеке медиа жана басылмаларга талапкерлердин, саясий партиялардын ортосунда дебаттарды өткөрүүгө уруксат беруу.
- Эгерде, президент же ЖК депутаты талапкер болсо, анда алардын иш сапарлары шайлоо маалында чагылдырылбашы керек
4. Добуш берүү процессин жакшыртуу
-Автоматтык же стационардык урналар шайлоо тилкесинде болгон ар бир адамдан 3 метрден ашык аралыкта жайгаштырылышы керек, эгерде урна бузулса эн көп дегенде 15 муноттун ичинде алмаштырылууга тийиш.
-Автоматтык урнанын жанына эч кимди тургузбоо эрежесин киргизүү.
- Кошумча шайлоочулардын тизмесин киргизүүгө тыюу салуу.
-БШК добуш беруу протоколдорунун скан көчүрмөсүн өзүнүн расмий сайтында 24 сааттын ичинде киргизүүгө тийиш. –
Коомдук байкоочулардын шайлоо участкасындагы мыйзам бузуулар боюнча сотко кайрылууга укуктарын кайтаруу.
Гүлзат Иманова
Фото www