Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугушуудан кийин анын тапшырмаларын аткарбаганы үчүн чиновниктерди жазалоону убада кылды

Президент тиешелүү буйрукка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда бизнес-коомчулук менен жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында тескемеге кол койду.

Тескемеге ылайык, өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун башчыларына, Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына ишкерлер менен жолугушууда Президент тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жогоруда аталган жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 23-июнунда бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгында берген тапшырмаларын төмөнкү тиркемеде сунуштайбыз.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх