Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Түркчө билбейт." ЖКда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси сынга алынды

Парламент депутаты Шайлообек Атазов ТИМдин орун басарына дипломаттын жоопкерчилиги жөнүндө маселени көтөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевди сынга алды.

Парламентарий Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевге кайрылып, дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысынын жоопкерчилиги жөнүндө маселе көтөрүүнү суранды.

- Ал түркчө сүйлөбөйт, - деди эл өкүлү ачууланып. «Анын үстүнө элчи түрк бийлиги тарабынан уюштурулган бир катар маданий иш-чараларга катышпайт. Өмүралиевдин жоопкерчилигин караш керек. Түркиядагы кыргыздар элчиликтен эч кандай жардам ала албайбыз деп билдиришти.

Эске салсак, Кубанычбек Өмүралиев 2019-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх