Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэринин м.а Азия Паралимпиада комитетинин президенти менен жолугушту

Мажид Абдулла Рашид мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуулуктарды түзүүгө багытталган долбоорлордо муниципалитетке колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди

Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун Азия паралимпиадалык комитетинин президенти Мажид Абдулла Рашид жана комитеттин башкы директору Тарек Соуэй менен жолугушуусу болуп өттү.

Коноктор Кудайбергеновго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти жана Дубайда өткөн Дүйнөлүк кубок оюндарында кыргыз спортчуларынын даярдыгынын жогорку деңгээлин белгилешти.

Мэр белгилегендей, борбор калаанын үч спортчусу 2021-жылдын 1-декабрынан 10-декабрына чейин Бахрейн Падышачылыгында өтө турган IV Азия Пара оюндарына катышуу үчүн лицензия утуп алышкан.

Ошондой эле  Мэрдин милдетин аткаруучу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн муниципалитет тарабынан бир катар иштер аткарылып жаткандыгын айтты.

Өз кезегинде Мажид Абдулла Рашид мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлордо муниципалитетти колдоого даяр экендигин билдирди.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх