Руслан Казакбаев: Азыр Түркиянын Кыргызстандагы элчиси менен Орхан Инанды маселеси боюнча жолугушуу болуп жатат
ТИМ жолугушуунун жыйынтыгы жөнүндө кийинчерээк отчет бере тургандыгын белгиледи
Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмед Садик Доган Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Руслан Казакбаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Түркиянын элчиси Тышкы иштер министрлигине келген.
- Азыр Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолугушуу болуп жатат, - деп бөлүштү министр. - Жыйынтыгы жөнүндө кийинчерээк маалымдайбыз.
Эскерте кетсек, кечээ кечинде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган республиканын Министрлер Кабинетинин отурумунан кийинки телекайрылуусунда Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматы кармап, Түркияга алып кеткенин айткан.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www