"Таш-Рабат" соода борборунда өрт чыкты
Алдын ала маалыматтар боюнча, эмерек дүкөнүнүн ички жасалгасы, компьютерлер, телевизор ж.б. күйүп кеткен
Бүгүн Бишкектеги Таш-Рабат соода борборунун имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү тобу тартылып, өрт саат 04: 43тө баштап, саат 05: 05те толук өчүрүлгөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, аянты 30 чарчы метр эмеректер дүкөнүнүн ички жасалгасы, 6 компьютер, 1 сыналгы жана 1 тутум күйүп кетти.
Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.
ӨКМ пресс-борбору
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз