Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келет

UFC жылдызы бара турган мелдеш Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болот

Кыргызстанда биринчи жолу UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовго таандык болгон Eagle Fighting Championship (EFC) аралаш жекеме-жеке мушташ боюнча мелдеш өтөт. Кечиндеги негизги кармашта учурдагы лиганын чемпиону Руслан Яманбаев (Россия) Бусурманкул Абдибаит уулуна (Кыргызстан) каршы чемпиондук титулун коргойт.

Турнир 3-августта Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо болот. Ага атайын конок, уюмдун президенти, жеңилбеген UFC чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери Хабиб Нурмагомедов келет.

Алдыда боло турган  EFC  турнири Кыргызстандагы спортту, тактап айтканда, аралаш мушташ өнөрүн өнүктүрүүгө жаңы дем берет, анын тарыхында жаркын из калтырат жана өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү имиджин жакшыртат. Мындан тышкары, мындай иш-чаралар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, достук спорттук байланыштарды орнотууга жана туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Акчабар Медиа бул EFC турнирин даярдоодо жана өткөрүүдө EFCдин расмий жана жалгыз өнөктөшү!

Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга жана талаптарга ылайык жүргүзүлөт.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх