Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев: Коррупция менен күрөшүүнүн мындай натыйжасы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу байкалууда

УКМКнын башчысы буга чейин мамлекетке 6 миллиард сом кайтарылып берилгендигин белгиледи

Бүгүнкү маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик казынага 6 миллиард сом кайтарылганын билдирди.

Өлкөнүн башкы коопсуздук кызматкеринин айтымында, мындай жыйынтык Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу байкалууда.

"Жарым жыл ичинде жалпысынан мамлекеттик казынага 6 миллиард сом кайтарылды", - деди Ташиев. - Жалпысынан сотко чейинки өндүрүштүн 304 материалы козголгон. Тыйынга чейинки каражат мамлекетке өткөрүлүп берилет. Өлкөдөгү коррупциялык кырдаал өзгөрдү. Бүгүнкү күндө бир дагы сот пара ала албайт. Жогорку Соттун Төрайымы Гүлбара Калиевага каршы кылмыш ишин козгогондон кийин, абал кескин өзгөрдү. Бардыгы бизден көз каранды.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх