Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек АШКсы бир катар саясий партияларга жазуу жүзүндө эскертүү берет

Эскертүү жумушчу топтун корутундусунун негизинде жүргүзүлөт

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 8-июлунда шайлоо өнөктүгүн өткөрүү тартибинин сакталышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде бир катар саясий партияларга шайлоо эрежелерин жана жол-жоболорун бузгандыгы үчүн жазуу жүзүндө эскертүү берди. Бул тууралуу БШКга билдиришти.

- "Реформа" саясий партиясы үгүт материалдарын объектилерге объектинин ээлеринин макулдугусуз жайгаштыргандыгы үчүн;

- 18 жашка чыга элек адамдарды үгүт материалдарында колдонгону үчүн КСДП саясий партиясынан талапкер Сарылдык уулу И.

- "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынан талапкерлер Асылбеков Т.А. жана Алымбаев А.А. 18 жашка чейинки адамдарды үгүт материалдарында колдонгону жана үгүт материалдарын аймактык шайлоо комиссиясына бербестен жайгаштырганы үчүн;
- "Ишеним" саясий партиясы үгүт материалдарын аймактык шайлоо комиссиясына бербестен жайгаштырганы үчүн;

- чет элдик жаран тарабынан үгүт жүргүзгөндүгү үчүн "Келечек-Будущее" саясий партиясы.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх