Качкын президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге издөө жарыяланды
Ошондой эле Максим Бакиев дагы изделип жатат
Кечээ, 8-июлда, маалымат жыйынында КР УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев экс-президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге издөө жарыялангандыгын билдирди.
Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев дагы издөөдө жүргөн.
Ташиев белгилегендей, Акаев Кумтөргө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан тергелип жатат, тактап айтканда, 1992-1994-жылдары канадалык Камеко компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде.
Курманбек Бакиев менен анын уулу Максим Бакиевге 2009-жылы түзүлгөн келишимдер боюнча издөө салынганы белгиленди.
Эске салсак, Президент Аскар Акаев 1991-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти болгон. 2005-жылы Жоогазын революциясынан кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен.
Дагы бир президент Курманбек Бакиев 2010-жылы өлкөдөгү кландык башкарууга жана коррупциянын өсүшүнө элдин нааразычылыгынан улам бийликтен кетирилген.
сүрөт www