Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК алардын кызматкерлери "Кыргызтелекомдун" жетекчилигин коркуткан деген маалыматты четке какты

Атайын кызмат Ташиевдин ысымын өз кызыкчылыгы үчүн колдонгондордун бардыгы жазаланарын эске салды

Жалпыга маалымдоо каражаттарында УКМК "Кыргызтелеком" ААКтын директорлор кеңешинин ишине кийлигишип, коркутуп-үркүтүү жолу менен кысым көрсөтүп жатат деген материалдын таркатылышына байланыштуу, УКМК бул маалыматты чындыкка дал келбейт. Улуттук коопсуздук органдары "Кыргызтелеком" ААКтын ишине жана кадрдык дайындоолорго кийлигишүүгө укугу жок.

 УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташивдин ысымын жана кадыр-баркын үй-бүлөлүк байланыштарына карабастан бардык адамдардан өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланганда, анын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертет.

УКМК кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жана фактылар болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин нөөмөт бөлүмүнө кайрылыңыздар 0312-62-05-85, 0312-66- 04-75.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх