Кыргызстанда Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматы пайда болду
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Аталган Жарлык Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгарылды.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү.
Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Президенттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз