Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбордогу 18 сотых жер. Бишкек мэриясы Арсланбек Малиев менен соттошууда

Мэрия Арсланбек Малиевге депутат кезинде 18 сотых жерди берүүнүн мыйзамдуулугуна күмөн саноодо

9-июлда Бишкек шаарынын Административдик сотунда Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Арсланбек Малиевге 1997-жылы борбор калаанын чок ортосунда берилген 18 сотых жер тилкеси боюнча кайрылган доо арызынын алкагында үчүнчү отурум болуп өттү. Белгилей кетсек, сөз Бишкек шаарындагы Чокморова 164 дарегиндеги 18 сотых жер тилкеси жөнүндө болуп жатат.

Арсланбек Малиев Жогорку Кенештин депутаты кезинде, тагыраагы 1997 –жылы Чокморов көчөсү менен Эркиндик проспектинин кесилишинде жайгашкан бул жер ага Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен колдонууга берилген. Учурда бул жер тилкесинде 12 кабаттуу турак жай курулганы белгилүү. Тактай кетсек, тээ алыскы 1991-жылы Чокморов 164 дареги боюнча жайгашып турган 262 чарчы метрлик имарат «Аалам» жеке компаниясынын балансына берилет ( башчысы -Арсланбек Малиев). Кийин, Жогорку Кенештин ал кездеги депутаты Арсланбек Малиев шаар бийликтерине иштеп жаткан мекеме үчүн жер участкасын болуп берүү өтүнүчү менен кайрылып, натыйжада 262 чарчы метрлик жердин ордуна 1800 чарчы метрлик жер тилкесине ээ болуп калат.

Устубуздогу жылдын 7-майында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы 1997-жылы аталган жер тилкесин Арсланбек Малиевге беруудо одоно мыйзам бузуулар коштолгону туурасында жазма буйрук чыгарганы белгилүү болот.
Доогер – Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Биринчи май районунун прокуратурасынын бул жазма буйругунан кийин Малиевге жерди берүүнүн мыйзамдуулугу боюнча арыз менен кайрылган. Отурумда жоопкер катары Бишкек мэриясы жана «Кадастрдын» Бишкектеги филиалы белгинешип, ал эми аталган жер тилкесинде көп кабаттуу турак жай салган «Баабек ЛТД» курулуш компаниясы үчүнчү жак катары катышты. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы бул жер тилкесинин берилишиндеги орун алган мыйзам бузуулар жүнүндө прокуратуранын жазма буйругунан кийин гана кабардар болгонун белгилеп, сотко доо арыз менен кайрылуу мөөнөтүн кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Административдик-процессуалдык мыйзамдарга ылайык, эгерде жүйөлүү негиздер болсо, сот доо арыз менен кайрылуу мөөнөтүн кайра кайтарып берүүгө укуктуу. Жыйынтыкта, сот бул өтүнүчтү канааттандырып, кийинки отурумду 16-июлга белгиледи. Анда, сот иштин мазмуну боюнча, башкача айтканда, Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Арсланбек Малиевге жогоруда айтылган жер тилкесин берүүнүн мыйзамдуулугун кароого өтөт.

Гүлзат Иманова

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх