Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шайлообек Атазов депутаттыкка талапкерлер кыргыз тилин билиши керек деп эсептейт

БШК төрагасы ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрү парламентке шайлануу укугуна ээ экендигин эске салды

Парламентарий Шайлообек Атазов Жогорку Кеңешке талапкерлер мамлекеттик тилди билиши керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Атазов БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабековага кайрылып, жаңы мыйзам долбооруна ылайык, депутаттыкка талапкерлерге коюлган талаптарды сурады.

"Айрым депутаттар Жогорку Кеңеште үч жолу отурушат, өз округдары үчүн эч нерсе жасашпайт жана бир дагы мыйзам долбоорун сунушташпайт, интригалар менен гана алектенип, чыр-чатактарды козутушат" деди ал. - Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда мындай депутаттарды шайлоого киргизбөө маселеси каралдыбы? Ошондой эле, талапкерлерге мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү критерийи киргизилгенби?

Өз кезегинде Шайлдабекова кыргыз тилин билүү боюнча суроого жооп берип жатып, парламент өкүлчүлүктүү жана мыйзам чыгаруучу орган экендигин эске салды.

"Ушуга байланыштуу, ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрү парламентке шайланууга укуктуу", - деп баса белгиледи Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы. - Ошондуктан, эч кандай чектөө коюлбаганы туура деп эсептейм.

Жыйында белгилей кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын долбоору каралды.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх