Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Сыдыков: Президенттин жарлыктарында жаңы кодекстерди иштеп чыгуу жөнүндө бир сөз да жок болчу

Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы бул тууралуу Жаны кодекстер боюнча парламенттик угуулардын жүрүшүндө билдирди

Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы Аскар Сыдыков Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыктарында жаны кодекстерди иштеп чыгуу жөнүндө эч кандай сөз болбогонун белгиледи. Бул тууралуу ал бугун, 13-июлда Жогорку Кеңеште Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети жаңы кодекстер боюнча өткөн парламенттик угуулардын журушундө белгиледи.
«Жаңы кодекстердин жалпы логикасы бизге түшүнүктүү – иштердин ашкере создуктурулушуна жол бербөө, азыркы кодекстердеги мүчүлүштүктөрдү ондоо болуп саналат. Бирок, биз акырында көргөн документте көптөгөн тобокелдиктер бар болуп чыкты. Кыскача айтсам, алар укук коргоо органдарынын, күч блогунун, көзөмөл органдарынын ыйгарым укуктарынын кенейишине алып барып, бизнес эле эмес, коомдун ар бир мүчөсүнө кысым көрсөтүү максатында соодалашуу мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачат. Бүгүнкү күндө, укук коргоо органдары ансыз деле экономика болобу, дээрлик бардык мамлекеттик органдардын жана коомду бардык тармактарынын үстүндө басым көрсөтөрү эч кимге сыр эмес. Мына ушул үчүн, көптөгөн чечимдер кабыл алынбай келет, анткени, бардыгы кийин куугунтуктан кооптонушат. Жаны кодекстер бул кысымды кучөтөт деген коркунуч чоң. Баса, президенттин жарлыктарында жаны кодекстерди иштеп чыгуу жөнүндө эч кандай сөз болгон эмес, администрациянын жетекчисинин буйругу болгонун билебиз, бирок, ал өлкө башчысынын жарлыктарынын буйруктарынын негизделген эмес эле. Анда сөз болгону жеке менчикти жана бизнести коргоо жөнүндө гана болчу», - деди Эл аралык ишкерлер кенешинин башчысы.
Аскар Сыдыков Кылмыш процессуалдык кодекси боюнча тергөөгө чейинки текшерүү киргизилип жатканына токтолуп, ал соттордун көзөмөлүсүз соодалашууга, мөөнөттөрдүн создуктурулушуна алып барчу коррупциондук мүмкүнчүлүктөргө жол ачарын белгиледи. Ошондой эле, жаны кодекстерде шектүүлөрдун укуктары алсырап, коргонууга мумкундуктору азайганына да токтолду.
«Жаүы кодекстерди киргизүүгө мынча убакыт аз, мен ушуну суранып кетет элем, коомчулуктун бардыгын талдап, сунуштарын бере алгыдай кылып, жетиштүү убакыт болуу зарыл», - деп сөзүн жыйынтыктаган ал.
Эскерте кетсек, ушул жылдын май айында 2019-жылы кабыл алынган беш кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Бугунку өткөн парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтуу өзүн өзү башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Мындан сырткары, коронавирус боюнча кырдаалдын кучөп жатканына байланыштуу, угууга катышууга каалагандардын бардыгына Zoom конференциясы аркылуу катышуу мүмкүндүгү түзүлгөн.

Гүлзат Иманова

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх